Кыргызстандын эли 484 кишиге көбөйдү

Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгуу жөнүндөгү жарлыктарга кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 1654 адам (анын ичинен 1406сы — чоң киши жана 248и — балдар) Кыргызстандын жарандыгын алса, 1170 киши (анын ичинен 934ү — чоң адамдар жана 236сы — балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыкты.