БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Жума күнү өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Чүйдө абанын температурасы 26…31 градуска көтөрүлөт. Таласта күндүн табы 24…29 градусту түзөт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 31…36 градуска чейин ысык болот.
Ысык-Көлдө 22…27, Нарында 24…29 градус болушу болжолдонууда.
Ал эми Бишкекте абанын температурасы 29…31, ордолуу Ошто 33…35 градуска чейин ысык болушу мүмкүн.