Бишкек милициясы катардагы жарандарды кызматка чакырат

30 жаштан жогорку жарандар кайрыла алат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматына 30 жаштан өткөн жөнөкөй жарандар кабыл алынат. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Жумушка орношуунун каалагандар үчүн төмөндөгүдөй талаптар коюлган:

— Жогорку билимге ээ диплому жана орто кесиптик билими жана мектепти бүткөндүгү тууралуу аттестаты;

— Аскер кызматын же альтернативдик (үй-бүлөлүк шартка байланыштуу) аскер кызматынан өтөгөн, болбосо запастагы офицер чини менен аскер кафедрасын бүткөнү тууралуу документи;

— Эркектердин бою 170 сантиметрден, ал эми аялдардын бою 168 сантиметрден кем эмес болбошу керек.

Каалоочулар төмөнкү даректер аркылуу кайрыла алат:  Бишкек шаары, Горький көчөсү 20, №305 бөлмө.

Телефон номерлери: (0708) 03-48-58, (0703) 93-11-53.