Муфтий зыяратчыларды коштоп барчу ажы башчыларына милдеттерин түшүндүрдү

Быйыл зыяратчыларды 109 ажы башчы жетектейт.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Бишкектеги борбордук мечитте зыяратчыларды жетектеп бара турган 109 ажы башчы менен жолугушуп, алардын аткара турган милдеттерин, укуктарын түшүндүрүп берди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ажы башчыларга ажылыкты уюштуруу боюнча штабка баш ийип, Сауд Аравиянын ажылык министрлиги тарабынан чыгарылган мыйзамдарды сактоо керектиги эскертилди.

Ажыга барчу зыяратчылардын кийимин тикчүлөр аныкталды
Андан сырткары, зыяратчылардын мейманканаларга жайгашуусун тартиптештирүү, алардын ден соолугуна көңүл буруп, бат-баттан кабар алып туруу тапшырылды.

Белгилей кетсек, быйыл кыргызстандык зыяратчыларга 5400 орун бөлүнгөн.

Ажылыкка аттангандардын алгачкылары 25-июлда Сауд Аравиясына учат