00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Особый акцент
Жара опасна для гипертоников: кардиолог о симптомах, воде и правилах поведения летом
14:07
60 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Театр Боттера» в Бишкеке: якутский эпос, три «Золотые маски» и живой диалог со зрителем
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
18:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кто и как считает климатический ущерб в КР
20:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:10
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Роналду "Реалдан" кетүү себебин айтып, коштошуу катын жазды

© AFP / PIERRE-PHILIPPE MARCOUФутболист Криштиану Роналду
Футболист Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболчу "Реалдын" тарыхынта эң мыкты бомбардир аталган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Португалиялык футболчу Криштиану Роналду "Реал" клубу менен коштошту. Ал жаңы жашоо этабын баштап жатканын айтып, күйөрмандарын тушүнүү менен кабыл алуусун билдиргенин РИА Новости жазды.

"Реал" клубу шейшемби күнү Роналдунун кетип жатканын расмий билдирген. Эми 33 жаштагы футболчу "Ювентус" клубунда карьерасын улантат. Роналду 2009-жылдан бери "Реал" клубунда 438 оюн өткөрүп 451 голу менен "Реалдын" тарыхында эң мыкты бомбардир аталган.

Футболчу "Реал" жана "Мадриддеги" жылдар жашоосундагы эң бактылуу ирмемдер экенин жазган.

"Мага чоң бакыт тартуулаганы үчүн шаар менен клубга ыраазычылык билдирем. Эми жашоомдогу жаңы этапты баштоого убакыт келди, ошондуктан клубдан мени кое берүүсүн сурандым. Баардык күйөрмандарымдан бул чечимимди түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнөм", — деген Роналду.

Атактуу футболчу "Реал" жүрөгүн ээлегенин билдирген.

"Клубга, президентке, менеджерлерге, менин өнөктөштөрүмө, бардык машыктыруучуларга, дарыгер жана башкаларга ыраазычылык билдирем. Испан клубуна, жана күйөрмандарыма чексиз алкыш. Бул чечимимди көпкө ойлонуп кабыл алдым. Мен кеттим, бирок бул футболка, эмблема жана "Сантьяго Бернабеу" кайсыл жакта болбоюн, ар дайым мени менен болот", — деп жазды Роналду.

Эскерте кетсек, футболчу беш ирет "Алтын топко" ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0