Радио

Карыпова: салттуу музыка жандана баштады

Дастанчы, ырчы жана мугалим Мээрим Карыпова салттуу музыканы үйрөнүүнү каалаган жаштар арбын экенин айтты.
Sputnik
Карыпова: салттуу музыка жандана баштады

Айрым эстрада ырчылары да комуз үйрөнүп, улуттук музыкага басым жасай баштаганы кубантарлык көрүнүш. Мындай пикирин Мээрим Карыпова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул жылы өзү иштеген окуу жайда да фальклордук музыка бөлүмүнө тапшырууну каалаган абитуриенттер көп.

"Салттуу музыка жанданып, бул багытта билим алууну каалаган жаштар да көп болууда. Башка окуу жайларды билбейм, бирок өзүм иштеген Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин фальклордук музыка бөлүмүнө тапшырууну самагандар арбын. Улуттук музыканын бүгүнкү күндөгү абалы начар деп айта албайм, ар кандай сынактар уюштурулуп өнүгүү болуп жатат. Бул нерсени айрым эстрада жылдыздары комуз үйрөнүп, салттуу музыкабызга басым жасап баштаганынан да байкасак болот", — деди Карыпова.

Ал ошондой эле улуттук музыкаларды угууга элдин да каалоосу күч экенин кошумчалады.