Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Аптаптуу жайда элдин баары агылган Ысык-Көлдө термометр түнү 13…18, күндүзү 27…32 градусту көрсөтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Эртең өлкө аймагы боюнча абанын температурасы 40 градуска жетет. Бул туурасында Кыргызгидромет кабарлады.

Бишкекте түнкүсүн 21…23, ал эми күндүзү 38…40, Ош калаасында түнү 23…25, күндүзү 38…40 градус ысыйт.

Чүйдө түнү 18…23, күндүзү 35…40, Таласта түнү 13…18, күндүзү 34…39 градус нөлдөн жогору болушу божомолдонууда.

Баткен, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 20…25, күндүзү 35…40 градуска чейин күн ысыйт.

Аптаптуу жайда элдин баары агылган Ысык-Көлдө термометр түнү 13…18, күндүзү 27…32 градусту көрсөтөт.

Тоолуу Нарында түнкүсүн 10…15, күндүзү 30…35 градус болот.

Аймактарда катуу шамал күтүлбөйт, багыты улам өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.