БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош кан жолундагы кырсыктан бир киши каза болгонун Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.
Ага ылайык, жол кырсыгы 7-июлда саат 13:40тар чамасында Чаткал районунда болгон.
ДТП на трассе Бишкек — Ош
© Фото / Пресс-служба УОБДД УВД Джалал-Абадской области
"Lexus 470 үлгүсүндөгү жол тандабастын айдоочусу Бишкекти көздөй бара жатып, рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып Ош тарапка бараткан Hyundai Porter автоунаасы менен кагышкан. Porter унаасынын 36 жаштагы айдоочусу ооруканага алып бараткан жолдо үзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
ДТП на трассе Бишкек — Ош
© Фото / Пресс-служба УОБДД УВД Джалал-Абадской области
Hyundai Porter автоунаасынын ичиндеги жүргүнчү жаракат алып Токтогул райондук ооруканасына жаткырылган.