Англия Швецияны ишенимдүү жеңип, жарым финалга чыкты

Англиялык команда Россия менен Хорватия беттешинин жеңүүчүсү менен 11-июль күнү ойнойт.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Самара шаарында өткөн Англия менен Швециянын беттеши соңуна чыгып, англиялыктар 2:0 эсебинде жеңип чыкты.

1 / 3
Самара шаарында өткөн Англия менен Швециянын беттеши соңуна чыгып, англиялыктар 2:0 эсебинде жеңип чыкты
2 / 3
Алгаякы топ биринчи таймда эле кирген
3 / 3
Швеция курама командасы экинчи таймда болгон аракетин жумшап ойноду. Ага карабастан англиялыктар экинчи топту киргизип, ишенимдүү беттеш көрсөттү.

Алгачкы топ биринчи таймда эле кирген. Швеция курама командасы экинчи таймда болгон аракетин жумшап ойноду. Ага карабастан англиялыктар экинчи топту киргизип, ишенимдүү беттеш көрсөттү.

Натыйжада Гарет Саутгейттин командасы жеңишке жетип, Англия 1990-жылдан бери биринчи жолу дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Эми бул команда Россия менен Хорватия беттешинин жеңүүчүсү менен 11-июль күнү ойнойт.