Айдоочу уктап кеткен. Токмокко жакын жерде кырсыктан эки киши набыт болду

Mazda 6 унаасынын айдоочусу да, жүргүнчүсү да 43 жашта экени аныкталды. Унаа Ысык-Көлдү көздөй бараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Айланма жолдун Токмокко жетпеген жеринде жол кырсыгынан эки киши каза болгонун Чүй облустук милициясы билдирди.

1 / 4
Айланма жолдун Токмокко жетпеген жеринде жол кырсыгынан эки киши каза болгонун Чүй облустук милициясы билдирди
2 / 4
Алдын ала маалымат боюнча бүгүн, 1-июлда, болжол менен саат 11.00дөрдө Ысык-Көл тарапты көздөй бараткан Mazda 6 унаасынын айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеге чыгып кеткен
3 / 4
Натыйжада маңдайда келе жаткан Hyundai Porter машинасы менен кагышып, жеңил унаанын айдоочусу да, жүргүнчүсү да көз жумган
4 / 4
Экөөнүн тең 43 жашта экени айтылууда.

Алдын ала маалымат боюнча бүгүн, 1-июлда, болжол менен саат 11.00дөрдө Ысык-Көл тарапты көздөй бараткан Mazda 6 унаасынын айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада маңдайда келе жаткан Hyundai Porter машинасы менен кагышып, жеңил унаанын айдоочусу да, жүргүнчүсү да көз жумган. Экөөнүн тең 43 жашта экени айтылууда.

Милиция туристтик сезондун башталганын, мындан улам айдоочуларга жол эрежесин бузбоону эскертет.