Оштун борбордук аянтына илинген мамлекеттик туу айрылып калды. Видео

Аталган аянттагы башкы желек Ош шаарынын мэриясынын балансында турат.
Sputnik

БИШКЕК. 23-июн. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтындагы мамлекеттик туу кечке маал экиге бөлүнүп, тытылып калды. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Оштун борбордук аянтына илинген мамлекеттик туу айрылып калды

Аталган аянттагы башкы желек Ош шаарынын мэриясынын балансында турат.

Аталган муниципалитеттин маалымат кызматы учурда тууну алмаштыруу боюнча тиешелүү бөлүм иштеп жаткандыгын билдирди.

"Мамлекеттик туу шамалдан улам тытылып калды. Учурда аны алмаштыруу боюнча Ош шаардык мэриясынын тийиштүү бөлүмүнө кабарладык", — деп айтышкан маалымат кызматынан.

В городе Ош ветер порвал главный флаг

Мэриядан айрылып калган туу 2018-жылдын 3-мартында — мамлекеттик туу күнү жаңыртылып илингендигин айтышкан.