Чүйдө өспүрүм бала кордогон сегиз жаштагы кыз ооруканага түштү

Төбө чачты тик тургузган окуя 20-июнда Чүй облусундагы Аламүдүн районундагы айылдардын биринде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы айылдардын биринде өспүрүм бала сегиз жаштагы кызды ойго келбеген жол менен зордуктаганы тууралуу Instagram баракчасына жарыяланды.

Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik Кыргызстандын кабарчысына чындыгында эле мындай окуя болгондугун тастыктады.

"Окуя Чүй облусундагы Аламүдүн районундагы айылдардын биринде болгон. 8 жаштагы кыз кан болгон тейде үйүнө келген. Кызды дароо ооруканага алып барышкан. Жагымсыз окуя болгон жерге барган Аламүдүн райондун милиция кызматкерлери коңшу жашаган 14 жаштагы өспүрүм башка бир буюмду колдонуп, сексуалдык мүнөздөгү иштерди жасаганын аныктаган", — деп айткан милиция кызматкери.

Ал эми Instagram баракчасындагы маалыматта тестиер кыз 6, ал эми ойго келбеген окуяны жасаган өспүрүм 13 жашта жана акыл-эси жагынан оорулуу экендиги, зомбулукту бала таяк менен жасагандыгы жазылган.

Баткен: 16 жаштагы кызын зордуктап жүргөн. Шектүү Россиядан алып келинди
Милициянын кошумча берилген маалыматында кыз дароо үйүнө чуркап баргандыгы айтылат.

"Өспүрүм биринчи топтогу майып экендигин жана Психикалык республикалык борбордо каттоодо турары анык болду. Учурда ал үйүндө, ата-энесинин кароосунда", — деген ал.

Бишкектеги №3 клиникалык балдар ооруканасына 8 жашар кыз Аламүдүн районуна караштуу айылдын тургуну экендигин, учурда проктология бөлүмүндө дарыланып жаткандыгын тастыкташты.

Аталган факты боюнча медициналык, психоневрологиялык жана наркологиялык экспертиза дайындалган. Милициядан окуяга анын жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин юридикалык баа берилерин айтышты.