Радио

Байматов: Ошто жүрөк ооруларынан каза тапкандардын саны өсүүдө

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын Кардиология бөлүмүнүн башчысы Сабыр Байматов учурда гипертония илдетине 25-30 жаштагылар да чалдыгып жатканын айтты.
Sputnik
Байматов: Ошто жүрөк ооруларынан каза тапкандардын саны өсүүдө

Акыркы мезгилде Ош облусунун аймагында жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапкандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын Кардиология бөлүмүнүн башчысы Сабыр Байматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу максатында Ош шаарындагы Алымбек Датка этнокомплексинде "Сергек жашоо жумалыгы боюнча гипертония күнү" деген аталышта акция өткөрүлдү.

"Аталган акция Саламаттык сактоо министрлигинин жүрөк ооруларына каршы күрөшүү боюнча жарыяланган бир айлык акциясынын алкагында уюштурулду. Анда облустук оорукананын Кардиология бөлүмүнүн дарыгерлери бул илдеттин алдын алуу боюнча жарандарга акысыз кеп-кеңештерин беришти. Жарандардын боюнун узундугу, салмагы жана кан басымы текшерилди. Мындан сырткары, акциянын катышуучуларына сергек жашоо образы тууралуу маалыматтар берилип, буклеттер таркатылды", — деди Байматов.

Ал учурда гипертония илдетине 25-30 жаштагылар да чалдыгып жатканын кошумчалады.