"Манас" эпосу боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыгууда

Алгач тиркемеге эпостун үч варианты кирет. Авторлор демилге келечектүү экенин белгилешти.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жаш программисттердин демилгеси менен "Манас" эпосу боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыгууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Нарк" долбоорунун жетекчиси Айбек Байымбетов билдирди.

Анын айтымында, тиркемеден улуу эпостун ири делген үч эпизоду боюнча маалымат алууга болот.

"Ишти "Көкөтөйдүн ашы", "Чоң казат" жана "Тайторунун чабылышынан" баштоону туура көрдүк. Тиркемеден ушул окуяларды манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусунда угууга болот. Андан соң алардын чечмелениши, географиясы, каармандары, сөздөрдүн этимологиясы да камтылат", — деди Байымбетов.

"Сынган кылыч", Төлөгөн Касымбеков — аудио китеп
Мындан улам 22-июнь күнү программисттердин хакатону (форум — ред.) өтүп, иш-чара үч күнгө созулмакчы. Байымбетов ага программисттерден тышкары философтор, манасчылар, тарыхчы жана окумуштуулар чакырыла турганын кошумчалады.

"Нарк" долбоору "Ак Шумкар КУТ" коомдук бирикмесинин демилгеси жана "ИСУР" коомдук фондусунун колдоосу аркылуу ишке ашырылып жатат. Максаты IT колдонуу аркылуу салттуу билимдерди жаштар арасында жайылтуу болуп саналат.