Депутат парламентке атчан келди. Камчаткада тартылган видео

Эл өкүлү ат байлай турган жер бөлүп берүү боюнча кат менен кайрылган.
Sputnik

Камчаткада мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Михаил Пучковский аттуу депутат парламентке ат минип келди. Бул туурасында РИА Новости билдирди. 

Камчыбек Жолдошбаев маршруткада жүргөн депутаттардан уяларын айтты
Буга чейин депутат аймак губернаторуна, аймактык парламенттин төрагасы менен Камчаткадагы жол кыймылын көзөмөлдөгөн башкармалыкка ат байлай турган жер бөлүп берүү боюнча кат менен кайрылган.

Катта бензиндин жана азык-түлүктүн баасы кымбат болгондуктан пенсионер катары ишке атчан келе турганы айтылган. Мындай жагдайдан кийин кесиптештери ага коомдук транспортто жүргөн билет сатып бергени деле жардам берген эмес.

"Пучковский сессияга ат менен келди, ал эми жылкыны өзү менен келген кишилер кайра алып кетишти", — деп билдирген окуяны көргөн киши агенттикке.

Бул боюнча "Кам24" агенттигинин YouTube каналына да видео жарыяланган. 

Роликте депутатты эки атчан аял кишилер коштоп келгени көрүнүп турат. Парламенттин алдындагы тактага атын байлоого аракет кылып жаткан учурда көзөт кызматкери басып келип, депутаттын жанындагы кыз атты жетелеп кеткен.