Араң баскан аксакал, ыйлаган киши. Түрдүү адамдарды чогулткан айт намаздын сүрөттөрү

Sputnik

Быйыл орозо 17-майда башталып, 14-июнда аяктады. 15-июндагы айт намазда коомдук тартипке 1,5 миңге чукул милиция кызматкерлери көз салат.

1 / 18
Бишкекте айт намаз адаттагыдай эле, эртең менен саат 7:30да башталды
2 / 18
Төрт жылдан бери муфтий Максат ажы Токтомушев ушул сааттарда, ушул аянтта намаз кызматында болуп келет
3 / 18
Айт намазга келгендердин бир учу эски аянттан өтүп, борбордук "Ала-Тоо" аянтына чейин жетти
4 / 18
Эки бөбөк эмнени ойлонуп отурду экен?..
5 / 18
Эл менен кошо Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана Бишкектин мэри Албек Ибраимов да намазга жыгылды
6 / 18
Кыргыз Республикасынын өкмөт үйүнүн колонналары. Намазга жыгылган мусулмандар жана иштеп жаткан оператор
7 / 18
Бүгүн бир нече кесиптин ээлери майрамдабайт, тагыраагы мүмкүнчүлүгү болбойт. Алардын бири – журналисттер
8 / 18
Айт намазга адатта эркек кишилер гана келет
9 / 18
Орозо кармап, намазга жыгылганы келген мусулман баласы
10 / 18
Бул киши эмнеге ыйлап жатат болду экен?
11 / 18
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан Бишкек шаарындагы эски аянттагы айт намазга келгендердин саны 50 миңге чукул болгондугун айтышты
12 / 18
Жашпы, карыбы, сообу, оорулуубу баарысы бул айда бардык мусулмандар ыйманын тазалап, жакшылыктарды жасоого умтулат
13 / 18
Жүздөгөн милиция кызматкерлери тартип сакчылыгында. Айт күнү жалпысынан 1,5 миңден ашуун милиция кызматкери тартипке көз салат
14 / 18
Айт намазга келген аксакал
15 / 18
Бул айда жакшылык, жардам берүү, ийкемдүү болуу өзгөчө мааниге ээ
16 / 18
Бир тартып коёюн! Эстеликке калган ирмемдер
17 / 18
"Ошентип, быйылкы орозону да жыйынтыктадык". Канааттануу сезими менен айт намаздан кетип бараткан мусулмандар
18 / 18
Битир садага бердиңиз беле? Орозо айында кайрымдуулук иштери адаттагыдан көп жасалат