БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кыргызстандын тик учактары Сомалидеги согуш болуп жаткан аймакка бериле турган болуп жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2017-жылы жасаган иши боюнча очтет угууда.
Депутат өз сөзүндө Кыргызстандын мурдагы премьери тик учактарды согуш болуп жаткан мамлекетке ижарага берүүгө кол койгонун айтты.
"Биздин болгону алты тик учагыбыз болсо экөө иштебейт, экөөнү Америкадан, экөөнү Россиядан жардамга алганбыз. Ошол төрт тик учакты Уганданын фирмасы аркылуу согуш болуп жаткан Сомалиге ижарага берүү боюнча кол коюлган. Кыргызстанга бир да акча түшпөйт, каражаттын баары Дубайга түшмөк. Мындан бизге дүйнөлүк беделибизге доо кетти. Согуш болуп жаткан мамлекетке жардам берип жатабыз. Аны биз Россиядан жардамга алгандыктан үчүнчү жакка бергенге укугубуз жок. Ошол кол койгон "Кыргыз курал" ишканасынын жетекчиси жоопко тартылышы керек", — деди депутат.
Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев бул боюнча териштирүү керектигин айтып, өлкөнүн имиджине шек келтирип жаткан болсо тактоо керектигин баса белгиледи.