Космонавттар космосто футбол ойногон видеосу

Дал ушул топ менен дүйнө биринчилигинин алгачкы беттеши ойнолот.
Sputnik

Космонавттар эмнеге күбө болушат? Космостон тартылган 11 сүрөт
Россиялык космонавттар Эл аралык космостук станциясында дүйнө чемпионатынын расмий тобу менен футбол ойношту. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маалымдады.

2018-жылы боло турчу футбол боюнча дүйнө чемпиоанатынын логотиби түшүрүлгөн футболкаларды кийген космонавттар Антон Шкаплеров менен Олег Артемьев Россиянын желегенин алдында бири-бирине пас берген. Видео YouTube каналындагы Roscosmos Media Store баракчасына жарыяланган.

Космонавттар ойногон топ 3-июнда жерге кайтып келет. Дал ушул топ менен футбол чемпиоанатынын биринчи оюнунда Россия менен Сауд Аравиянын оюнчулары ойношот.