Коррупциядан түшкөн каражаттар топтолчу атайын эсеп жакында ачылат

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчаларды атайын эсепке топтоо керектигин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акча каражаттары үчүн атайын эсепти ачуу чечиминин долбоору жакынкы күндөрү өкмөткө киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

УКМК: "Кыргыз почтасы" менен милиционерлер элден түшкөн айып пулду бөлүп алышкан
Белгилей кетсек, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иштерин тергөөдөн жана аларга карата өкүмдөрдү аткаруудан өндүрүлгөн акчаларды эсепке алуу, сактоо жана андан аркы пайдалануу үчүн атайын банктык эсепти ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырган. 

Атайын эсептин ачылышы түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, коррупцияга каршы механизмдерди сапатын жакшыртууга багытталган.