УКМК: "Кыргыз почтасы" менен милиционерлер элден түшкөн айып пулду бөлүп алышкан

"Кыргыз почтасы" ишкананын филиалын күч органдары текшерип жаткан учурда 440 протокол жок болуп чыкса, административдик укук бузуу тууралуу 175 жасалма документ табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. "Кыргыз почтасы" ишканасынын Базар-Коргон району боюнча филиалы менен райондук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүгүнүн (ЖКККБ) кызматкерлери мамлекеттик казынага 500 миң сом зыян келтирүү фактысы боюнча шектелип жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Почтанын айрым кызматкерлери ЖКККБ өкүлдөрү менен биргеликте жол эрежелерин бузган айдоочулардан айып катары түшкөн каражаттарды документтерди жасалмалоо жолу менен өздөрүнө ыйгарып алган факты аныкталды", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

"Кыргыз почтасы" ишканасынын филиалын күч органдары текшерип жаткан учурда 440 протокол жок болуп чыкса, административдик укук бузуу тууралуу 175 жасалма документ табылган.

Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 171 (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) жана 315-беренелери (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголду.