Балыкчыда эки жаштагы наристе көгала болуп сабалып, ооруканага түштү

Учурда наристенин таякталышы боюнча түрдүү версиялар айтылып жатат. Бул боюнча милиция тарабынан териштирүү иштери башталды.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Балыкчы шаарында эки жаштагы наристе ооруканага жаткырылды. Анын денеси менен башында көгала тактар болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине калаа мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти.

1 / 3
Балыкчы шаарында эки жаштагы наристе ооруканага жаткырылды. Анын денеси менен башында көгала тактар болгон
2 / 3
Кошуналар тарабынан 102 номерине кичинекей наристенин сабалганы тууралуу маалымат түшкөн
3 / 3
Тартип сакчылары жерине келип, социалдык коргоо кызматкерлерин чакырышкан. Алар 528-токтомдун негизинде баланы өз кароосуна алып, ооруканага жаткырышкан.

Маалыматка караганда, окуя 27-майда болгон.

"Кошуналар тарабынан 102 номерине кичинекей наристенин сабалганы тууралуу маалымат түшкөн. Тартип сакчылары жерине келип, социалдык коргоо кызматкерлерин чакырышкан. Алар 528-токтомдун негизинде баланы өз кароосуна алып, ооруканага жаткырышкан. Учурда наристе Балыкчы шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыланууда. Соцкызматкерлер баланы кезектешип карап жатышат", — деп социалдык бөлүмдөн билдиришти.

Милиция: баласын депкир менен сабап өлтүргөн келин сойкулук менен алектенген
Аталган бөлүмдүн өкүлдөрү окуя боюнча ар кандай версиялар айтылып жатканын белгилешти.

"Учурда наристени таажеңеси сабады делген версия айтылып жатат. Соттук-медициналык экспертизанын бизге оозеки берген маалыматы боюнча балага чындап эле кол көтөрүлгөн. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", — деп кошумчаланды бөлүмдөн.

Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы жогорку категориядагы соттук-медициналык эксперт Азис Койгелдиев менен байланышканда, ал баланын денесинде тактар болгонун ырастады.

"Эгер бала өзү жыгылганда денесинде мындай тактар калмак эмес. Текшерүү учурунда наристенин бети-башында, жамбашы менен аркасында, колу-буттарында көгала так калып, жаракат алганы аныкталды", — деди ал.

Бул боюнча укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак соттук-медициналык экспертизанын расмий жыйынтыгы чыккандан кийин гана кылмыш ишинин козголор-козголбосу чечилерин маалымдады. Анын айтымында, учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

P.S. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул окуянын иликтенишине тыкыр көз салып турмакчы.