Орозо башталары менен жарамазан айтылып келет. Өзгөчө Бишкек шаарында жолдо, дүкөндө, токтоп турган автоунаага, кафе-ресторандарга барып айтуу көнүмүш адат болуп калгандай. Жарамазанды өзгөчө жаш балдар акча табуунун, тилемчилик кылуунун бир жолу катары өздөштүрүп алган сыяктанат. Алардын жаттап алган төрт сабы төмөндөгүдөй:
Ассалому алейкум, жарамазан,
Он эки айда бир келген орозо жан,
Орозоңуз кабыл болсун бай аке жан.
Адыр, адыр ай тоолордон,
Айгыр минип биз келдик.
Айгыр оозун тарта албай,
Ушул үйгө туш келдик.
Жарамазан айтып келдик эшигиңе,
Ак кочкордой бала берсин бешигиңе.
Ишемби күнү эртең менен жаңы эле үйдөн чыксам короодо бир өспүрүм мен жакка басып келип "Ассолому алейкум жарамазан…" деп баштады. Жок дегенде түштөн кийин болсо да мейли эле, эртең менен саат 10дө жалгыз өзү жарамазан айтып турганы таң калтырды. "Жарамазынды кечинде балдар чогулуп алып үймө-үй кыдырып айтат. Сенин бул кылганың кайырчылык болуп жатпайбы" десем жанагы бала оюн ачык түшүндүрүүгө өттү. "Апам телефонуна бирдик салууга 120 сом берди эле терминалга номерин туура эмес жазып коюптурмун. Үйгө келсем "чегин алып кел" деп кайра жөнөттү. Мен аны таппай жатам" десе болобу. Катуу урушуп жатабы деген суроомо ачык жооп бере алган жок. Бала, быйыл 5-классты бүтүрүптүр, таза, тыкан кийинген, колуна телефонду кулакчыны менен кармаган. Жүзүнөн алдап жатканы байкалбады. Анан экөөбүз терминалга барып апасынын телефонуна бирдик салдык да, ал үйүнө, мен жумушума кеттим. Баланын акча табуу үчүн ойлогон амалы мага жылмаюу тартуулады. Сөз кезеги келгенде айтып калайын, жарамазан айтууга байланыштуу 9 "болбойтту" биле жүрүңүз.
Ал эми кечээ укук коргоо органдары мамлекеттен акча уурдаган деп шек жараткан бир топ жагдайларды териштирүүгө алды.
Адегенде эле II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн Чолпон-Атага ат майдан курууда каражаттар максатсыз пайдаланганы аныкталды. Анда курулушка кетчү чыгым башында белгиленген 480 миллион сомдон 1 миллиард 584 миллион сомго чейин көтөрүлүп кеткени белгиленет.
Андан соң УКМК мэрия тарабынан ар бири 9 миң сомдон сатып алынган көчөттөр боюнча Кылмыш жаза кодексинин үч беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле Тарых музейин реконструкциялоого бюджеттен бөлүнгөн акча чынында кайда кетип, кимдин чөнтөгүнө түшкөнүн териштире баштады.
Ал ортодо Финансы полициясы Түндүк бажынын мурунку башчысы Нурбек Айбашевди камакка алып, анын жашаган хан сарайын көрсөткөндө же мен иштегенди билбеймби, же адам эмесминби деген ойго кептелип, башымды чайкап отуруп калдым. Ал учурунда кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып 166 миллион сомдон ашык каражатты кымырган деп жатышат.
Мындан сырткары салык төлөөдөн качканы үчүн Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда жез казып жаткан "КазМинералзБозумчак" ишканасынын жетекчиси кармалды. Аны Финпол колго түшүргөндөн кийин гана 55 миллион салыктын баарын төлөгөн.
Эми ушунун баары ачык-айкын аныкталып, күнөөлүүлөр жазасын алсын дейли. Бир аз көңүлдү көтөрүп социалдык тармактагы кызыктуу видео, сүрөттөрдү көрүңүз.
Ал эмикыздар кыя өтпөгөн Келдибек Атайбек уулу "кыргыздын жигиттери майдаланып баратат" дейт. Буга макул бололубу?
Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.19 (сатып алуу) жана 68.45 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 42.80 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 45.50 сом, ал эми дизель майы 43.80 сомдон сатылууда.
Соңку сөз ордуна. Өрдөк жесең канжыгасына каз байла!
Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.