Радио

Жалбиев: төрт жылдан бери чек ара кызматкерлерине батир бериле баштады

МЧКнын чек ара көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы полковник Нурланбек Жалбиев мамлекет тарабынан чек арачыларга жакшы көңүл бурулуп жатканын айтты.
Sputnik
Жалбиев: төрт жылдан бери чек ара кызматкерлерине батир бериле баштады

Чек ара кызматкерлерине төрт жылдан бери мамлекет тарабынан үй бериле баштады. Бул тууралуу Нурланбек Жалбиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай колдоолор чек ара кызматкерлерине дем-күч берип келет.

"Акыркы жылдары мамлекет тарабынан чек ара кызматкерлерине жакшы көңүл бурулуп келе жатат. 3-4 жылдан бери биздин кызматкерлерге да атайын турак-жайлар бериле баштады. Мен билген маалымат боюнча былтыр, 2017-жылы Бишкек шаарынан 36 чек ара кызматкери батирлүү болгон", — деди Жалбиев.

Ал чек арадагы кезек күтүүнү азайтуу максатында паспорт текшерүүчү кабинкалар көбөйтүлүп жатканын кошумчалады.