Радио

Курбанова: медиатор психологдун да, юристтин да кызматын аткарат

Медиация институтунун мүчөсү, медиатор Чынара Курбанова медиация институтунун Кыргызстанда ачылганына аз гана убакыт болсо да жакшы жетишкендиктерди көрсөтүп жатканын билдирди.
Sputnik
Курбанова: медиатор психологдун да, юристтин да кызматын аткарат

Медиатор психологдун да, юристтин да кызматын аткарат. Ал талаш маселеде эки тарапка тең пайдалуу чечим кабыл алынуусуна кызыкдар. Мындай пикирин Чынара Курбанова Sputnik Кыргызстан радиосунда 10-май күнкү таңкы эфиринде медиация институту тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек шаарында мындай институттардан үчөө иштеп жатат.

"Медиатор сот болбогондуктан өзү чечим чыгарбайт. Ал тараптарды сүйлөшүү жолу менен маселени чечүүгө багыттайт. Кыска убакытта биздин медиаторлор бир топ жарандарга ишти сотко жеткирбей чечүүгө жардам беришти. Биринчи жолку кайрылуу акысы 500 сом, ал эми маселени толугу менен чечүү 3000 сомду түзөт. Мыйзам чегинде белгиленген убактысы эки ай, эгер иш аягына чыкпаса дагы бир ай кошумча берилет", — деди Курбанова.

Ал бул тажрыйба чет мамлекеттерде мыйзамдуу түрдөгү сотко чейинки процесс экенин, ал эми бизде азырынча каалоочулар үчүн гана сунушталарын кошумчалады.