Радио

Бегилерова: жарандар адвокаттын кызматын бекер пайдалана алышат

КРнын адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин мүчөсү Мейил Бегилерова адвокаттар кеңеши түзүлгөндөн тартып, өлкөдө жактоочулардын ишмердүүлүгүнүн сапаты жогорулаганын билдирди.
Sputnik
Бегилерова: жарандар адвокаттын кызматын бекер пайдалана алышат

Жарандардын аялуу катмары адвокаттын кызматын бекер пайдалана алат. Алардын катарына жашы жете элек балдар, пенсия жашындагы карыялар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кирет. Бул тууралуу Мейил Бегилерова Sputnik Кыргызстан радиосунун 10-май күнкү таңкы эфиринде "Кыргызстандагы адвокаттардын ишмердүүлүгү" темасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай жардам мыйзам чегинде белгиленген жана республика боюнча иштейт.

"Жарандар мамлекет тарабынан кепилденген акысыз юридикалык жардам алууга укуктуу. Тилекке каршы бул тууралуу көпчүлүк биле бербейт. Юстиция министрлигинде юристтер акысыз кеңеш берген атайын борбор бар. Эгер соттук иш кайсы бир районго же облуска тиешелүү болсо ошол жактагы адвокат бекер кызмат көрсөтөт", — деди Бегилерова.

Ал учурда жактоочунун акысыз кызматы кылмыштык иштерге гана көрсөтүлүп жатканын жана жакынкы күндөрдөн тартып жарандык жана административдик соттук иштерде да адвокаттын кызматын бекер пайдаланса болоорун кошумчалады.