Бишкекте Жеңиш майрамынын урматына салют атылды. Видео

Жеңиштин 73 жылдыгына карата Бишкек шаарында майрамдык салют атылды.
Sputnik

Бүгүн Кыргызстандын булуң бурчунда Жеңиш майрамы белгиленди. Бир катар ири шаарларда "Өлбөс полк" жөө жүрүшү өттү.

Көчөгө батпай агылган эл. Бишкектеги "Өлбөс полктун" өзгөчө сүрөттөрү
Бишкек шаарында болгон "Өлбөс полк" акциясын Сооронбай Жээнбеков баштап чыкты. ИИМдин берген маалыматы боюнча жүрүшкө жалпы 45 миңдей киши келген

Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну каза болгон. Алардын эрдиги жогору бааланып, 73 кыргызстандыкка Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган, ал эми 21 Кыргызстандын өкүлү "Даңк" орденинин толук кавалери болгон. Жалпысынан 150 миӊ кыргызстандык ордендер жана медалдар менен сыйланган.