Көчөгө батпай, ураалап кыйкыргандар. Бишкектеги "Өлбөс полк" акциясынын видеосу

Бүгүн кыргызстандыктар Бишкектин негизги көчөлөрүнөн агылып "Өлбөс полк" жүрүшүнө чыгышты.
Sputnik

Көчөгө батпай агылган эл. Бишкектеги "Өлбөс полктун" өзгөчө сүрөттөрү
Уюштуруучулардын айтымында, акцияга 50 миңге жакын киши катышты. Бирок алардын так саны боюнча расмий маалымат азырынча айтыла элек.

Акцияга өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков дагы катышып, чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты.

Жөө жүрүшкө чыккандардын узундугу бир нече чакырымга чейин созулду. Акция учурунда катышуучулар "Катюша" ырын ырдап, "Ураалап" кыйкырышты.