ОШ, 27-апр. – Sputnik. Россия Федерациясы Кара-Кулжа райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 2,2 миллион сомдук медициналык жабдуу тапшырды. Бул тууралуу аталган борбордун башкы дарыгери Жээнбек Дөкбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бул демилге Россия жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү" аталышындагы биргелешкен долбоорунун алкагында ишке ашырылган.
Ал кошумчалагандай, Россия медициналык жабдуулардан сырткары, суу түтүкчөлөрүн алмаштырып, суу жылытуучу аппараттарды орнотууга да материалдык жардам көрсөткөн.
Райондун акими Примберди Дыйканов Кара-Кулжа районунун аймагынын 45 пайызы ичүүчү таза суу менен камсыздалганын белгиледи. Жалпы 49 айыл болсо, анын 30унда гана таза суу бар, ал эми калган айылдын жашоочулары дарыядан, булактан чыккан сууну пайдаланышат.
"Калкты таза суу менен камсыздоо боюнча атайын беш жылдык программа кабыл алынган. Анын негизинде 30 айылдын жашоочулары таза суу менен камсыздалат", — деди Дыйканов.
Иш-чарага Россиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свис, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын "Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү" долбоорунун жетекчилиги, дарыгерлер жана жергиликтүү жашоочулар катышты.