Парламент жаңы өкмөттүн курамын бекитти

Депутаттар жаңы өкмөттүн программасы, курамы жана түзүмүн талкуулады
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 20-апрелде, кезексиз жыйынга чогулуп, Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган жаңы өкмөттүн курамын бекитти.

Өкмөттүн программасын колдоп 115 депутат добуш берсе, түзүмү үчүн 114 депутат добуш берип, бирөө каршы болду. Ал эми өкмөттүн сунушталган курамына 115 эл өкүлү добушун берди.

Ага ылайык, жаңы өкмөттүн курамын төмөндөгүдөй:

— Премьер-министр — Мухаммедкалый Абулгазиев

— Биринчи вице-премьер-министр — Кубатбек Боронов

— Вице-премьер-министр — Жеңиш Разаков

— Вице-премьер-министр — Замирбек Аскаров

— Вице-премьер-министр — Алтынай Өмүрбекова

— КР өкмөт аппаратынын башчысы — Мурат Мукамбетов

— Ички иштер министри — Кашкар Жунушалиев

— Юстиция министри — Айнур Абдылдаева

— Тышкы иштер министри — Эрлан Абдылдаев

— Экономика министри — Олег Панкратов

— Финансы министри — Адылбек Касымалиев

— Транспорт жолдор министри — Жамшитбек Калилов

— Өзгөчө кырдаалдар министри — Нурболот Мирзахметов

— Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри — Нурбек Мурашев

— Билим берүү жана илим министри — Гүлмира Кудайбердиева

— Саламаттык сактоо министри — Космосбек Чолпонбаев

— Маданият, маалымат жана туризм министри — Султан Жумагулов

— Социалдык өнүгүү министри — Таалайкүл Исакунова

— Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет — Идрис Кадыркулов

— КРдин Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы — Эрлис Тердибеков

— Өнөр жай, энергертика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы — Уланбек Рыскулов

— Маалымат, технологиялык байланыш боюнча мамлекеттик комитети — Бакыт Шаршембиев.

Буга чейинки Сапар Исаков башында турган өкмөт кечээ отставкага кеткен.