БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Каракол шаарында бүгүн "Коопсуздук-2018" деп аталган командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу башталды. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Иш-чара КРдин күч түзүмдөрүнүн, Ысык-Көл облустук жана райондук бийлигинин, Каракол шаардык мэриясынын башкаруу органдары менен биргелешип өткөрүлүүдө.
Маалыматта машыгуу эки этапта болору кабарланган. 1-этап аскердик башкаруу уюмдарын, Куралдуу Күчтөрдү согуштук даярдыкка киргизүү боюнча өтөт. Андан сырткары, Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик уюмдардын түзүлгөн кырдаалдарга даяр туруусу да көз жаздымда калбайт.
Экинчи этапта КРдин түндүк аймагындагы аскердик жана аймактык коопсуздугун камсыз кылуу жана мерчемделген тапшырманы аткаруу каралган.
Кырсык ар кандай болот, алардын ичинде өрт да кооптуу экендиги маалым. ӨКМдин алдындагы Адистерди даярдоо борборунун кафедра башчысынын орун басары Мадимар Мамбетов өрт чыккан имаратта калсаңыз, эмне кылуу керектигин айтып берген.