БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Казакстандын Актөбө шаарына жакын жердеги КР номерлүү Sprinter унаасынын аткыланышы боюнча маалымат таратты.
Эскерте кетсек, окуя тартылган видео жергиликтүү ЖМКларга жарыяланып, анда айдоочунун кыргыз тилинде сүйлөп жатканын угууга болот.
ИИМдин маалыматы боюнча бустун ичинен ок жеген киши Тажикстанда төрөлгөн Россиянын жараны болуп чыккан.
"6-апрелде 30 жаштагы кыргызстандык киши ак түстөгү Mercedes-Benz унаасы менен орус-казак чек арасын "Жайназ-авто" посту аркылуу кесип өткөн. Ошол эле маалда досу да башка унаа менен чек арадан өтөт. Болжол менен саат 17.00дөрдө бустун айдоочусуна Шымкент шаарына чейин ала кетүүсүн суранып, чек арадан жөө өткөн 25 жаштагы киши кайрылат. Тажикстанда төрөлгөн россиялык жаран болуп чыккан жүргүнчү мекенине тойго бара жатканын айткан", — деп жазылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Кечинде бустун айдоочусу унаасы Акшат айылынын тушуна таштап, досу экөө Актөбө шаарына жумуштап кетип калган. Саат 01.50дө унаа ичинде калган киши телефон чалып, белгисиз адамдардын огунан жаракат алганын билдирген.
Белгисиз адамдардын кол салуусунан кыргызстандык жарандын мүлкүнө да зыян келтирилген. Окуя болгон жерде аймактык укук коргоо орган өкүлдөрү иштеп, учурда териштирүү жүрүп жатканы айтылды.
Буга чейин ТИМдин расмий өкүлү окуянын себептерин Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тактап жатканын кабарлаган.