Сириядагы согушка катышып, диверсиялык окуудан өткөн КР жараны кармалды

Тергөө уланууда
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Эл аралык террордук уюмдун лагеринде диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан КР жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Кыргызстанга ири өлчөмдө баңгизат ташыган эл аралык канал буулду
Ага ылайык, шектүү жаран 28-мартта кармалып, 46 жашта экени аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 375-беренесинин 2-бөлүмү ("Жалданмачылык") боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланууда.