БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Москванын чыгышында орун алган "Персей для детей" ири соода борбору өрттөнүп жатканын РИА Новости агенттиги билдирди.
Куткаруучулар кишилерди сыртка чыгарууда. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар бар. Имарат төрт кабаттуу экени айтылууда.
Чыккан өрткө 2-категориядагы кооптуулук белгиси берилди.
Белгилей кетсек, буга чейин Кемерово шаарындагы соода борбордо өрт чыгып, 64 киши каза болгон болчу.