"Тунгуч-2" кичирайонунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө өрт чыкты

Тилсиз жоо чыккан жерге эки өрт өчүрүүчү унаа барган
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын "Тунгуч-2" кичирайонунда өрт чыккандыгын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо жаңы курулуп жаткан №62 көп кабаттуу үйдө чыккан. Жергиликтүү тургундар өрт өчүрүүчүлөрдү чакырып, милиция кызматкерлери да келген. 

Пожар в строящемся здании в микрорайоне "Тунгуч-2"

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы өрт тууралуу билдирүү саат 17:05те келип түшкөнүн тастыктап, эки өрт өчүрүүчү автоунаа чыгып кеткендигин билдирди.

"Ош" базарында чыккан өрт 700 чарчы метр жерге жайылган