"Тунгуч-2" кичирайонунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Маалыматка караганда, курулуш калдыктары менен пенопласт күйгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. "Тунгуч-2" кичирайонунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Куткаруучуларга тилсиз жоо тууралуу маалымат 17.05те келип түшүп, окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү унаа барган.

​Натыйжада саат 18.04 чамасында өрт толугу менен өчүрүлгөн. Маалыматка караганда, курулуш калдыктары менен пенопласт күйгөн.

Тилсиз жоодон кантип сактануу керектигин Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан окуңуз