Кыргызстандык мугалим Дубайдагы сулуулук сынагына катышат

Былтыр сынакты Кыргызстандын атынан катышкан украиналык Алиса Саросек жеңип алган
Sputnik

БИШКЕК, 17-Мар. — Sputnik. Кыргызстандык Перизат Самыйбекова Дубай шаарында өтө турган Queen of USSR 2018 сулуулар сынагына катышат. Бул тууралуу өзү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Бул сынак Дубай шаарында жашаган ар кайсы улуттун сулуулары арасында өтөт. Былтыр сынакты Кыргызстандын атынан катышкан украиналык Алиса Саросек жеңип алган. Бул жылы кароого 20дан ашык кыз катышканы турат. Көпчүлүгү мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн жарандары.

"Мындай кадыр-баркттуу конкурска катышам деп ойлогон эмесмин. Өз өлкөмдүн намысын коргоп жатканыма абдан кубанычтамын. Финалга татыктуу жетүү үчүн азыр катуу даярдык көрүп жатам", — деди ал.

Анын айтымында, катышуучулар өткөн жылдын декабрь айында тандалган. Финал 31-март күнү болмокчу.

Перизат Самыйбекова Дубайда жашап жүргөнүнө бир жылдан ашты. Мурда Кыргызстанда мугалим болуп иштечү.