Майамиде жаңы курулган 950 тонналык көпүрө урап, адамдар каза болду

Кырсыктын кесепетинен онго чукул адам көз жумган
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. АКШнын Флорида штатындагы Майами шаарында эл аралык университеттин аймагына курулган көпүрө бейшембиде, 15-март күнү урап түштү. Бул тууралуу CNN телеканалы маалымдады.

Алдын ала маалымат боюнча кырсыктын кесепетинен онго жакын адам көз жумган. Ошондой эле урандылардын алдында эң аз дегенде эле сегиз унаа калган. Учурда окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат.

​Жөө адамдар үчүн курулган көпүрө шаардын түштүк-батышында жайгашкан университеттин жанында болчу. Анын курулуш иштери толук бүтө элек болгону менен өткөн ишембиде узундугу 53 метр, салмагы 950 тонналык негизги секциясы орнотулган. Ага АКШнын Транспорт министрлиги 14,2 миллион доллар сарптаган. Кырсыктын келип чыгуу себеби азырынча белгисиз.