БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен жер көчкү түшүү коркунучу жогору жерде жашагандар убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүп баштады. Бул тууралуу облус администрациясынан билдиришти.
Зергер айыл аймагынын Ничке-Сай, Аюу, Заргер, Кайрат айылдарына 130 чатыр тигилди.
Сарыбашов Зергер айылына барып жасалып жаткан иштер менен жеринде таанышты.
"Өткөн жылы ушул аймакта жердин сүрүлүүсү көп катталып, адам өмүрлөрү кыйылган. Быйыл адам өмүрүн сактоо, алдын алуу чараларын көрүү, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү. Кооптуу аймактардан адистер көчкүлө дедиби көчүү керек. Адам өмүрү баарынан кымбат", — деди ал.
Зергер айыл аймагында 351 кожолук кооптуу аймактарда жашары аныкталса, алардын ичинен 106сы мамлекет тарабынан берилүүчү жардамдарды жана жер тилкелерин алып көчүрүлгөндөр. 169 кожолук мамлекеттен жер да, жардам да алып көчпөй олтурушат. Ал эми 76 кожолук такыр жер да жардам да ала элек.
Белгилей кетсек, ӨКМ буга чейин Зергер айыл аймагында кооптуу жерде жашаган 20 үй-бүлө эскертүүлөргө карабай көчпөй жатканын маалымдаган.