Самандан сапаттуу үй салса болот. Бул тууралуу Ришат Кожонов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, самандан салынган үйлөр экологиялык жактан таза келет.
"Кыргызстанда самандан үй салууну 2005-жылдары баштаганбыз. Убакыт алардын сапаты жакшы экенин, кышкысын жылуу, нымдуулукту сактабай турганын далилдеди. Эң негизгиси арзан түшөт", — деди Кожонов.
Ал топурак менен саманды аралаштырып үй куруунун бир топ технологиялары бар экенин кошумчалады.