Жөө жүрүш, ыр, бий, күлкү... Аймактарда белгиленген Ак калпак күнү

Кыргызстанда 5-март Ак калпак күнү катары белгиленип келет. Жыл өткөн сайын бул күндүн мааниси артып, өлкөнүн чар тарабына кеңири жайылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бүгүн, 5-мартта, Ак калпак күнү Кыргызстандын аймактарында дагы белгиленди. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары майрамдык иш-чараларды жеринен чагылдырышты.

Ош шаарында Ак калпак күнү борбордук аянтта өтүп, иш-чарага калаа мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары жана төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме, уюмдардын мүчөлөрү жана жергиликтүү тургундар катышкан.

1 / 4
Ош шаарында Ак калпак күнү борбордук аянтта өтүп, иш-чарага калаа мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары жана төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме, уюмдардын мүчөлөрү жана жергиликтүү тургундар катышкан
2 / 4
Борбордук аянтта ак калпак кийген үч миңден ашык адам флешмобго катышты
3 / 4
Жаштар улуттук "Кыргыз бийин" бийлешип, ырларды аткарышты
4 / 4
Андан кийин аянттан Ош улуттук драма театрын көздөй жөө жүрүш уюштурулуп, калаа мэринин кубогу үчүн КВН жарышы болуп өттү.

"Борбордук аянтта ак калпак кийген үч миңден ашык адам флешмобго катышты. Жаштар улуттук "Кыргыз бийин" бийлешип, ырларды аткарышты. Андан кийин аянттан Ош улуттук драма театрын көздөй жөө жүрүш уюштурулуп, калаа мэринин кубогу үчүн КВН жарышы болуп өттү", — деди кабарчы.

Мэр Кадырбаев куттук сөзүн айтып жатып ак калпак эрдиктин символу экенин белгилеген.

Празднования дня Ак калпака в регионах Кыргызстана

Ал эми Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында дагы бул күн майрамдык маанайда өттү. Борбордук аянтка 500дөй адам чогулган. Атайын иш-чарага облустук, шаардык жетекчилер, мекеме-ишканалар, маданият кызматкерлери, жарандык коом, студенттер жана окуучулар катышкан.

Салтанаттуу иш-чарадан кийин калпак кийип, туу көтөргөн тургундар жөө жүрүш жасашты. Программанын соңунда чоң программадагы концерт коюлду.

Празднования дня Ак калпака в регионах Кыргызстана

Ал эми Балыкчы шаарында, жаштарды патриоттуулукка үндөө максатында жөө жүрүш, сүрөт жана Манас айтуу сынагы уюштурулуп, мык менен жиптен өзгөчө калпак жасалды.

Празднования дня Ак калпака в регионах Кыргызстана

Нарын шаары дагы майрамды кыя өткөргөн жок. Жаштар ак калпак кийип, желек көтөрүшүп борбордук көчөдө салтанаттуу жүрүш жасашты. Ошондой эле Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектепте улуттук кийимдердин көргөзмөсү уюштурулду. Ал эми белгилүү кол өнөрчү Бурулкан Төлөгөнова калпактын маанисин чечмелеп, жасалуу жол-жобосун көрсөткөн. Иш-чаранын соңунда маданият кызматкерлери менен таланттуу окуучулар концерт коюшту.