БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Россиянын "Мамонты Югры" хоккей командасынын оюнчусу мелдеш учурунда Казакстандын "Барыс" командасынын дарбазачысын жарадар кылганын Sputnik Казакстан агенттиги маалымдады.
Окуянын видеосу Instagram баракчасындагы mediasportkz аккаунтунда жарыяланган.
Маалыматка ылайык, жаштардын хоккей лигасы учурунда 20 жаштагы Дмитрий Юшкевич 16 жаштагы дарбазачы Вилен Прокофьевди конькиси менен моюн жакка тээп алган.
ЖМКлардын жазышынча жаракат олуттуу деле эмес.
Белгилей кетсек, футбол дагы жаракат алуу коркунучу жогору болгон спорттун катарын толуктайт. Белгилүү футболчу Криштиану Роналдунун оюн учурунда чекеси жарылганы белгилүү.