Мөлтүрөп аккан жаш, этекке чаптырбаган Муслим. Азия чемпионатындагы ирмемдер

Sputnik

27-28-февраль күндөрү грек-рим күрөшү боюнча курама команда 8 медаль топтоп, командалык эсепте биринчи орунду ээлеген. Ал эми 1-2-март күндөрү өткөн кыз-келиндер арасындагы беттеште Кыргызстандын капчыгына бир коло байге буйруду.

1 / 11
"Ираан, Ирааан", — дал ушинтип ирандыктар балбандарын алты күн бою сүрөп турду. Анан да спортчулары карылуулугу менен эсте калды
2 / 11
Жеңиш! Алтын медаль тагынган түндүк кореялык балбан сүйүнүчтөн көзүнөн мөлтүрөп жаш акты
3 / 11
Айбек Усупов (97 кг) коло медаль үчүн япониялык балбан Такеши Ямагучи менен кармашып жаткан учуру. Тилекке каршы үчүнчү орун атаандашына буюрду
4 / 11
Казак балбаны ирандык спортчуну буттан алганда... Эркин күрөштүн грек римден айырмасы көп ыкмаларга уруксат берилгендигинде
5 / 11
Кыргызстандык Эламан Догдурбек уулу (70 кг) дагы коло үчүн кармашып, бирок, акыркы мүнөттөрдө ийгилик ташы атаандашына ооп кеткен
6 / 11
Жеңиши бир ирмемде калган ирандык балбан жана аны таптаган машыктыруучусу
7 / 11
Улук Жолдошбеков ирандык балбан Иман Мохтар Садегхикукандени жер каратып, коло байге тагынды
8 / 11
Кыргызстандык Муслим Евлоев финалда монгол балбаны Мандахранан Ганзориг менен кармашып жатат
9 / 11
Муслим Евлоев Ингушетияда төрөлгөн, легионер спортчу
10 / 11
Кореялык балбан индиялык спортчуну оодарып койсо жакшы упай алат
11 / 11
Намыска жарады! Муслим Евлоев эркин күрөш боюнча Кыргызстанга жалгыз алтын медаль алып келди