Апта ичине алынган аба ырайынын божомолу

Алдыдагы жумада өлкө ичинде абанын температурасы 10...15 градуска чейин жогорулаары күтүлөт
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет өлкө боюнча апта ичинде алынган аба ырайынын божомолун таратты.

Ага ылайык, 25-февралда республиканын айрым жерлеринде жаан-чачын болушу күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

26-февралда кээ бир тоолуу райондордо бир аз аз жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык  болот.

Ысык-Көлгө бел кырчоодон кар жаады. Сүрөт
27-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын бардык аймактарында  күндүн көзү бузулат. Ал эми күндүз  Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

28-февралда жана 1-мартта кээ бир райондордо аба ырайынын бузулушу  күтүлөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Март айына карата аба ырайы
Жума аягы 2-3-мартта өлкөнүн айрым жерлеринде жаан-чачын болушу мүмкүн. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Борбор калаада жана Ош шаарында 25-26-февралда күн ачык болот. Ал эми 27-февралда күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Сак болуңуздар! Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенин ӨКМ эскертти.