БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 57 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча UFC рейтингинде биринчи сапка чыкты. Бул тууралуу маалымат уюмдун расмий сайтына жарыяланды.
Жаңыланган рейтинг 4-февралда Бразилиянын Белем шаарында өткөн UFC Fight Night 125 турниринин жыйынтыгы менен 7-февралда чыккан.
Жаңы рейтингде абсолюттук чемпион болуп Никки Монтана эсептелинет. Ал өткөн жылдын аягында өткөн The Ultimate Fighter турниринин 26-сезонун жеңип, учурда алган жаракатынан дарыланып жатат.
Биринчи орунда Валентина Шевченко, экинчи сапта америалык Сияра Юбэнкс, үчүнчү орунда Лаурен Мерфи (АКШ) турат.
Кечоейраны утуп алгандан кийин Шевченко Никки Монтана менен беттешүү ниети бар экенин жар салды. Бирок эл аралык ЖМКлар Шевченко жаңы дивизиондо бир нече беттеш өткөрүп, чемпион титулуна талапкер экенин далилдеши керек деген пикирде.
Ал эми Шевченкодон утулуп калган Кечоейра учурда операцияга даярданып жатканы маалым болду.