БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. UFC Fight Night 125 мелдешинде Валентина Шевченконун атаандашы болгон Присцила Кечоейра таймаштан алган жаракатынан улам операцияга даярданып жатат. Бул тууралуу спортчунун менеджери Тиаго Окамурага шилтеме берип MMA Junkie порталы жазды.
Өткөн ишемби күнү UFC турниринде бразилиялык спортчу кыз Шевченкого жеңилип калган.
Менеджер журналисттер менен сүйлөшүп жатып, Кечоейра таймаштын башында эле оң тизесин жабыркатып алганын айтты.
"Присциланын тизе тарамышы, сөөктөрү катуу жабыркаптыр. Анысын башында аңдаган эмеспиз. Кийин дарыгерлер карап чыккандан кийин операция керектиги билинди", — деди Окамура.
Макалада айтылгандай, бразилиялык спортчу быйыл октагонго чыкпайт. Бул үчүн таймаштын калысы Марио Ямасаки беттешүүнү убагында токтотуп койбогондугу үчүн коомчулук жана UFC жетекчиси Дана Уайт тарабынан сынга алынды.