Элчилик Москвадагы 44 кыргызстандыктын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

Элчиликтин кызматкерлери барганда мигранттарга карата пландык текшерүү жүрүп жатканы айтылган
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 7-февралда Москва шаарынын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын 44 жаранынын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Элчиликке маалымат ыкчам байланыш телефону аркылуу түшкөн.

Мындан улам элчиликтин кызматкерлери Москва шаарынын Текстильщик районундагы милиция бөлүмүнө барган. Анда чет элдик жарандардын документтерин тактоо боюнча пландык текшерүү жүрүп жатканы белгилүү болгон.

"Жашаган жериндеги каттоосу боюнча документтери текшерилгенден кийин 35 кыргызстандык коё берилди. Калган тогузу миграциялык мыйзамдарды бузганы аныкталып, материалдар сотко жөнөтүлгөн. Россиянын мыйзамдарына ылайык, аларга 5000 рубль айып пул салынат. Кара тизмеге киргизилбейт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле элчилик жарандарды жашаган жерине каттого туруп жатканда ортомчулардын кызматын колдонбоону эскертет.

Россияда иштеген кыргыздарды кандай ыкмаларды колдонуп алдап кетет? Бул боюнча атайын материал даярдаганбыз.