Аида Салянова мандатынан качан ажыратылат? Депутаттын ордун ким басат

Бишкек шаардык соту Салянованын ишин карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Депутат Аида Саляновага чыккан соттун айыптоочу өкүмү Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшөрү менен каралат. Бул тууралуу Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, 7-февралда Бишкек шаардык соту эл өкүлү Аида Саляновага карата өкүмүн чыгарып, Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган болчу. Ага ылайык, депутат мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок Салянованын кичүү баласы 14 жашка чыга электигинен улам жаза өтөө мөөнөтү жылдырылган.

"Соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмү БШКга түшкөндөн кийин мандат маселесин кароого негиз түзүлөт. Ошондо гана Жогорку Кеңеш депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча маселе каралат", — деди Бекматов.

Ал ошондой эле соттун айыптоочу өкүмү так бир мөөнөттүн ичинде каралышы керек деген эреже мыйзамда көрсөтүлбөгөнүн кошумчалады.

Ооруп калдым! Соттолуп жаткан саясатчылар эмне дартка чалдыгат
Өз кезегинде Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы айыптоочу өкүм расмий түрдө келип түшө электигин маалымдады.

Аида Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова шаардык соттун чечимин Жогорку сотко даттана турганын буга чейин билдирген болчу. Өз кезегинде Салянова бийлик аны мандатынан эрте ажыратуу үчүн бир топ мыйзамсыз аракеттерге барып, соттор дагы өкүмдү шашылыш кабыл алганын айткан.

"Салянованын мандатын алсак эле менин турмушумдагы маанилүү нерсени алып салдык деп жатышат окшойт. Мандатым жарандардын көйгөйлөрүн угуп, аны трибунадан бийликке жеткирип турууга жардам берчү. Эми мандаты жок деле өз ишимди кыла берем", — деген ал.

Эгер Борбордук шайлоо комиссиясы Аида Салянованы мандатынан ажыратса "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова келет. Ал жакында эле Өмүрбек Текебаевдин ордуна депутат болгонИскандер Гайпкуловдон кийинки тизмеде турат.

Депутаттарга онлайн-режимде кайрылуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү
Белгилей кетсек, Кабилова партиянын тизмесине Гүлнара-Клара Самат деп катталган. Ал Боршайкомду 2007-2008-жылдары башкарган. 2008-жылы Бишкек шаардык кеңешке шайлоо учурунда экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев аны коркутканын айтып, өмүрүнө жана үй-бүлөсүнө коркунуч келгенин ачыктап, өлкөдөн чыгып кеткен.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы шаардык соттун өкүмүнүн негизинде "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановду мандатынан ажыраткан.