АЛМАТЫ, 2-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик сатып алууларды аткаруу үчүн криптовалютаны киргизүү боюнча Кыргызстанда аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады. Мындай пикирин ал Алматы шаарында өтүп жаткан "Глобализация доорунда санариптик чакыруу" аттуу форумда билдирди.
Ал өз сөзүндө криптовалютаны киргизүү менен коррупцияны алдын алууга жана ишти жеңилдетүүгө болорун баса белгиледи.
Ал ошондой эле калкты тейлөөдө мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу дагы маалымат берди.
Исаков жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүү үчүн жарандардын биометрикалык маалыматтары чогултулуп жатканын маалымдады. Өкмөт башчы өз сөзүндө киберкоопсуздук маселесине да олуттуу көңүл буруп, бул багытта уюмга мүчө мамлекеттер чогуу иш алып баруусу маанилүү экенин баса белгиледи.
Исаков өлкөдөгү салык жана фискалдык системаны санариптештирүү керектигин айтып, аны ишке ашырууда россиянын технологиясы колдонуларына токтолду.
"Салыктарды санариптештирсек көмүскөдө жаткан көптөгөн нерселер ачыкка чыгат", — деди ал.
Белгилей кетсек, аталган форум Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен өтүүдө. 2017-жылы октябрда өткөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын Жогорку экономикалык кеңешинин жыйынында 2025-жылга чейин санариптик чакыруунун негизги багыттары бекитилген.
Күндүн экинчи жарымында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны болуп, тараптар тар жана кеңейтилген чөйрөдө жолугат.
Анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги макроэкономикалык жана уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара соода кылуусунун абалы талкууланат. Андан сырткары, агроөнөржай комплексин жана өнөр-жайды өнүктүрүүнүн божомолу, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде иштегендерди пенсия менен камсыз кылуу маселеси дагы талкууланат.
Алматыда өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны быйылкы жылдын эсебинен биринчи жолу уюштурулду. Былтыр мындай жолугушуулар Бишкекте, Казанда, Астанада жана Ереванда өткөн болчу.