Шейшембиге карата аба ырайы

Өлкө аймагында жолдор тоңуп, жер тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Эртең, 30-январда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо кар себелеши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Шаар тургундары. Архив
Жума аягына чейин аба ырайы кандай болот
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн —18…-23, күндүз —4…-9 градус суук болот. Ош менен Жалал-Абадда 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылуу болот. Баткенде күндүз —3 градустан +2 градуска чейин жылыйт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн —12…-17, күндүз —2…-7 градус суук болот. Ал эми Нарында түнкүсүн —18…-23, күндүз —5…-10 градус суук болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында түнкүсүн сууктун күчү —20…-22 градуска чамаласа, күндүз —5…-7 градуска жетет. Ош калаасында абанын температурасы 0…-2 градуска жетери айтылды.