Бишкектеги куранттын жебеси убактылуу токтоп калды

"Кыргызтелеком" сааттагы мүчүлүштүктүн болжолдуу себебин атады
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бишкектин Чүй проспектисинде жайгашкан (Абдрахманов көчөсү менен кесилишет) курант убактылуу иштебей калды.

"Кыргызтелеком" ААКнын маалымат кызматы курант саат дүйшөмбү күнү саат 10.00дон кийин токтогонун Sputnik Кыргызстан агенттигине ырастады.

"Саат электр кубаттуулугунун өйдө-төмөн болушуна байланыштуу токтоп калышы мүмкүн. Учурда саат иштеп жатат. Мүчүлүштүктөр түштөн кийин жоюлду", — деп маалымат кызматынан билдиришти.

Аткаминерлер ТЭЦте маалымат жыйын өткөрүп, түзүлгөн абалдын чоо-жайын айтат
Учурда ишкананын кызматкерлери так себебин аныктоо үчүн текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Мүчүлүштүккө суук аба ырайынын таасири болгон-болбогону белгисиз.

Куранттын саат башындагы музыкасынын ооз комузда жаңырганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>